Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү
17 февраль

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Кара-Үңкүр капчыгайына кар көчкү түштү. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган тилкеге түшкɵн кɵчкүнүн болжолдуу көлөмү 1400–1600 м³ түздү.

Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.

Жеринде №41 Жол тейлөө ишкана филиалы тарабынан керектүү техникалар тартылып тазалоо иштери жүрүүдɵ.