Кыргызстанда бир жумада 423 мас айдоочу кармалды
www
6 июль

Кыргызстанда бир жумада 423 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 26-июндан 2-июлга чейинки аралыкта, алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 987 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, анын ичинен:

Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 3 629;

Мас абалында унаа башкаруу - 423;

Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 299;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 694;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 485;

Автоээнбаштык - 42;

Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 1 578;

Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 11;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 197;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 629 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.