
Чүйдүн Заречное айылындагы көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктады
Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрөнү куруу иштери аяктап, каттам берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ала-Арча дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунун жүрүшүн жеринен көзөмөлдөп, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырган.
Маалымат үчүн: Аталган көпүрөнүн жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2024-жылдын 24-июлунан тарта №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан убактылуу көпүрө салынып, автоунаалар үчүн каттам камсыз болгон.