Ош шаарынын мэри кызматынан кеткен жок
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Белгилей кетсек, мындан бир аз мурда социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри ээлеген кызматынан меткени тууралуу маалымат тараган.
Ош мэриясынан бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп 2025-жылдын январында дайындалган.
