www
28 апрель
30-апрелде Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт
30-апрелде Бишкектин айрым бөлүгүндө саат 10:00дөн 20:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы: Ахунбаев көчөсү – Ташауз көчөсү – Тыналиев көчөсү – Садырбаев көчөсү.
Ичүүчү суунун өчүрүлүшү Д-200 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
