Чүй облусунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө
9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан майрамдык жана маданий-массалык иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын тынчтыгын сактоо жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында Чүй облусунун Ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
Майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан бардык шаарларда жана райондордо милиция кызматкерлери борбордук аянттарда, эстеликтердин айланасында, сейил бактарда, маданият үйлөрүндө, эл көп чогулган коомдук жайларда жана автоунаа кыймылы көп болгон аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча кызмат алып барышууда.
Милиция кызматкерлери тарабынан майрамдык иш-чараларга келген жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол тыгындарынын алдын алуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн көзөмөлдөө, ошондой эле коомдук жайларда мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча тиешелүү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле кызматкерлер тарабынан шектүү буюмдарга жана коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурулуп, жарандарга сак болуу, коомдук тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын так аткаруу боюнча эскертүүлөр берилүүдө.
Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан Улуу Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралардын тынч, коопсуз жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыз кылуу багытында бардык зарыл чаралар көрүлүп, өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.
