Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.
Окуя 2026-жылдын 13-февралында болгон.
Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Москва районунун Беловодск айылындагы Крупская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 1960-жылы туулган З.Л. аттуу жарандын ар кандай дене жаракаттары менен жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн үйдүн батыш тарабында, жеңил каркас менен курулган бастырманын алдындагы диванда З.Л. аттуу жарандын жансыз денеси жаткандыгы аныкталган. Сырткы кароодо моюн, бет жана желке тарабына келтирилген дене жаракаттары бар экендиги аныкталды. Маркум аталган үйдө 1982-жылы туулган М.Р. аттуу жаран жана анын эки баласы менен чогуу жашап келгендиги белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум каза болгон күндүн алдында М.Р. менен бирге спирт ичимдиктерин ичишкен. Натыйжада алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, М.Р. жабырлануучуга дене жаракаттарын келтирген. Ал алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган М.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери улантылууда.
