Депутат: Ноокатта кыз-келиндер арасында 6 суицид катталды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова Ноокат районунда акыркы учурда кыз-келиндер арасында өзүн өзү өлтүрүү фактылары көбөйүп жатканын айтты.
Ал ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге кайрылып, жакында аталган райондун Көк-Бел айылындагы 21 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу тергөө амалдары кандай жүрүп жатканына кызыкты.
“Ал кыз сарайда өзүн асынып каза болду. Бул боюнча кандай чараларды көрүп жатасыздар? Жакындарынын кайрылуулары бар, көзөмөлгө алып койсоңуздар”, – деди депутат.
Абдиев тергөө жүрүп жатканын жана анын кызыкчылыгынан улам эч кандай маалымат бере албай турганын билдирди. Ошондой эле депутатка кат жүзүндө маалымат берүүнү убада кылды.
“Жаңы Ноокат айыл аймагында да ушундай окуя болгон. райондо кыз-келиндер арасында 6 суицид катталыптыр”, – деди Алимжанова.
