Ош шаары менен Литва Республикасынын кызматташтыгы кеңейтилет
Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Литва Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Башкы консулу Шаруне Кубилюте, кеңешчиси Эдуард Мажул жана Литва Республикасынын Ош шаарындагы Ардактуу консулу Медербек Орумбаев менен жолугушту.
Жолугушууда Ош шаарынын өнүгүүсү жана Литва Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуу, жашыл энергетика, санариптик кызматтар, туризм, билим берүү жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле Медербек Орумбаев Литва Республикасынын Ош шаарындагы Ардактуу консулу болуп дайындалышы менен куттуктоолор айтылып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маанилүүлүгү белгиленди.
