Ош шаары Кытай компаниялары менен кызматташат
Ош мэриясы
21 май

Ош шаары Кытай компаниялары менен кызматташат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытай Эл Республикасынын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага шаар мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм, социалдык өнүгүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышты.

Тараптар бир канча маселелерди талкуулашты. Алардын бири “Светлый район” долбоору. Кытай компаниясы өз каражатынын эсебинен Ош шаарынын көчөлөрүнө жана коомдук аймактарына күн энергиясында иштеген заманбап жарык берүүчү системаларды орнотууга даяр экендигин билдирди. Бардык монтаждоо иштерин, керектүү жабдууларды жана материалдарды компания толук камсыз кылып, ишке киргизгенден кийин техникалык тейлөөнү да жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Мындан тышкары “Кооз шаар” программасы аркылуу шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жабдууларын жана курулуш материалдарын мамлекеттик сатып алуулар аркылуу жеткирүү, жол куруу жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуу маселелери каралды.

Ошондой эле эл аралык долбоордун алкагында Ош шаарында кытайлык адистер тарабынан акысыз медициналык жардам көрсөтүү пландаштырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.