Курпсай ГЭСинде үч гидроагрегаттын ремонту аяктады
Курпсай ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында оңдоо иштери уланууда.
Учурда №2, №3 жана №4 гидроагрегаттардын учурдагы оңдоо иштери толугу менен аяктады. III кварталда №1 гидроагрегатты капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.
Ошондой эле станцияда Т-1, Т-2, Т-3 жана Т-4 күч трансформаторлорун оңдоо иштери аяктады. Учурда электр жабдууларын, анын ичинде 6 кВ чыңалуудагы комплекттик бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү (КРУ-6 кВ) техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Муну менен катар көмөкчү жабдууларда, гидротехникалык курулмаларда, өндүрүштүк имараттарда жана станциянын инженердик системаларында пландуу иштер аткарылууда.
Оңдоо иштери энергетика объектилерин 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: Курпсай ГЭСи Нарын дарыясында жайгашкан жана Токтогул ГЭСтер каскадынын курамына кирет.
