«Банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды
12 март

«Банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралды

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы №3297-VII «Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Алгач токтомдун демилгечиси, депутат Медербек Алиев аталган документтин максаты тууралуу маалымат берип, укук коргоо органдарына берилген тапшырмаларга учкай токтолду. Анын айтымында, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага жана Улуттук банкка ар квартал сайын Жогорку Кеңешке тиешелүү маалымат берип туруу милдеттендирилген.

«Интернеттин кеңири жайылышы менен алдамчылык кылмыштарынын саны да өсүүдө. Айрыкча акыркы мезгилде банк тармагына байланышкан жаңы кылмыш түрлөрү көбөйүп, миңдеген жарандар олуттуу материалдык чыгымдарга учурап жатышат. Андыктан, Жогорку Кеңеш жаңы алдамчылык ыкмаларына каршы күрөшүү механизмдерин иштеп чыгып, бул багытта системалуу талдоо жүргүзүү боюнча токтом кабыл алган», – деди Медербек Алиев.

Талкуу маалында депутат Алтынбек Кылычбаев дропперликке каршы күрөшүү жаатындагы тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, мындай схемаларга көбүнчө жаштар жана жашы жете элек өспүрүмдөр тартылып калып жатканын билдирди. Депутат Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигиндеги киберкоопсуздук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу сурады. Депутат Гуля Кожокулова банктардын маалымат базасынын коопсуздугу маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Жылдыз Эгембердиева интернеттеги фейк аккаунттар аркылуу жалаа жана жалган маалыматтарды таратуу маселесине көңүл бурду.