Абдиев: ИИМ фейк аккаунттардан жабыркаган ар бир жарандын кайрылуусу боюнча чара көрөт
12 март

Абдиев: ИИМ фейк аккаунттардан жабыркаган ар бир жарандын кайрылуусу боюнча чара көрөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Эгембердиева фейк аккаунттар тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге суроо узатты.

“Фейк аккаунттар боюнча кандай иш алып барасыздар? Кээ бир учурда мамлекеттик деңгээлдеги жалган маалыматтарды таратышат. Алардын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги кандай?” – деди депутат.

Нурбек Абдиев ИИМде атайын башкармалыктан интернет айдыңын дайыма байкап тураарын билдирди.

“Каралоо, жалган маалыматтар, мамлекетти, мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдарды жамандоо фактылары боюнча иш алып барабыз. Кечээ күбө болдуңуздар, эки фейк аккаунт менен каралоо тараткан аял кармалды. Аны кылмыш жообуна тартабыз”, – деди министрдин орун басары.

Депутат андан: “Ар бир жаран эгерде анын дарегине өздүгүнө асылган, туура эмес маалымат тараткан фейк аккаунттар болсо, сиздерге кайрыла алышабы? Ар бир жарандын кайрылуусуна реакция кыласыздарбы?” – деп сурады.

Абдиев ар бир жарандын кайрылуусу боюнча мыйзамдуу чаралар көрүлөрүн тастыктады.