Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши
28 апрель

Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши

2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалат, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт, ошондой эле зарыл дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын запастарынын жетиштүүлүгү камсыз кылынат.

Амбулатордук деңгээлде – үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда – 1-майдан 10-майга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөт уюштурулат, процедуралык кабинеттердин иши саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле өлкөнүн областтарындагы тез медициналык жардам кызматы дем алышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, ошондой эле майрам жана эс алуу күндөрүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү камсыз кылынат.