Бишкектин айрым жерлеринде 14-ноябрда ичүүчү суу болбойт
11 ноябрь

Бишкектин айрым жерлеринде 14-ноябрда ичүүчү суу болбойт

Бишкекте 14-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу "Бишкексууканалдан" кабарлашты. 

Өчүрүү району:

  • «Энесай» турак жай конушу;
  • «Дордой - 1» турак жай конушу;
  • «Дордой - 2» турак жай конушу.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.