“Баткен Таны” редакциясынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, Баткен облусунун Баткен шаарындагы “Баткен Таны” редакциясынын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткен фактысы аныкталды.
Такталгандай, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы «Кыргыз Республикасында 2008-2012-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» №518 токтомунун негизинде, мыйзамдык актыдагы жоболорго каршы «Баткен таңы» имараты 0,22 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз сатылып кеткен.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына Автоматташтырылган маалымат системасына катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында объект мамлекеттик баланска өткөрүлгөн.
