Ош ОИИБ
24 июнь
Ошто чек арадан мыйзамсыз өтүп, издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды
Ош шаарында 24-июнда чек арадан мыйзамсыз өтүп, издөөдө жүргөн коңшу мамлекеттик жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага карата 2024-жылы 23-апрелде КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-берененин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды
