ИИМдин Ички аскерлеринде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча окуу-усулдук жыйын өткөрүлдү
29 июль

ИИМдин Ички аскерлеринде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча окуу-усулдук жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде өздүк курамдын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана заманбап технологияларды кызматтык ишмердүүлүккө натыйжалуу колдонуу максатында аскер кызматкерлери үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) пайдалануу боюнча окуу-усулдук жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар учкучсуз учуучу аппараттардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, аларды башкаруунун негизги эрежелери, коопсуздук талаптары жана ар кандай кызматтык тапшырмаларды аткарууда натыйжалуу пайдалануунун ыкмалары боюнча теориялык жана практикалык билимдерин өркүндөтүштү.

Ошондой эле аскер кызматкерлери дрондорду учуруу, башкаруу, аба аркылуу байкоо жүргүзүү, шарттуу кырдаалдарда маалымат чогултуу жана алынган маалыматтарды ыкчам пайдалануу боюнча практикалык машыгууларды аткарышты.

Мындай окуу-усулдук иш-чаралар аскер кызматкерлеринин заманбап техникалык каражаттарды өздөштүрүү деңгээлин жогорулатууга, кызматтык милдеттерди сапаттуу аткарууга жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.