Ош ОИИБ: Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди
21 август

Ош ОИИБ: Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Араван районунда адам өмүрүн алган жол унаа кырсыгын жасаган айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

2026-жылдын 7-август күнү Араван РИИБге С.Юсупова айыл аймагында жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анда “КИА Соренто” жана “Деу Матиз” үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, натыйжада “Деу Матиздин” айдоочусу 1988-жылы туулган М.А. аттуу жаран окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Ал эми “КИА Сорентонун” айдоочусу 1984-жылы туулган А.М. тергөө кызматына жеткирилип, автоунаасы айып короого киргизилген.

Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Дайындалган соттук-автотехникалык экспертизанын корутундусу 2026-жылдын 17-август күнү чыгарылып, чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каржататтарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катары “КИА Сорентонун” айдоочусу 1984-жылы туулган А.М. 2026-жылдын 20-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, мурдараак каза болгон М.А.нын жакындары дайындалган экспертизалардын корутундусу даяр боло электе эле, жол унаа кырсыгын жасаган айдоочуга чара көрүлбөй жатканын айтып, “АКИпресс” маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүндө маалымат жыйын уюштурган.