Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырды
4 август

Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Адылбек Касымалиев кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш экендигин айткан. 

«Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек», – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.