Кызыкчылыктардын кагылышы: куда-сөөктөрдүн да бир жерде иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталууда
Депутат Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин жыйынында куда-сөөк деген түшүнүк кандай байланыштагы адамдарга тиешелүү болоорун сурады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Анын максаты – мамлекеттик кызматтарда кызыкчылыктардын кагылышы болбошу үчүн жакын туугандардын бир жерде иштөөсүнө тыюу салуу. Бир жерде иштөөгө мүмкүн болбогон жакындар – булар үй-бүлө мүчөлөрү – жакын туугандар жана куда-сөөктөр.
“Аффирленген жактар боюнча тизмени бердиңер, ошол жерде үй-бүлө мүчөлөрү жана куда-сөөк деп турат. Үй-бүлө мүчөлөрү түшүнүктүү, бирок куда-сөөк кыргызда кеңири түшүнүк да. Кызыкчылыктар кагылышын тактоо персоналдык кадрдык бөлүмдүн башчылары жүргүзөт экен. Ошол кызматкерлер “куда-сөөк” деген түшүнүктү ашыкча пайдаланып, тизмени кеңейтип жибербейт деген коркунуч жок эмес да. Куда-сөөк болуп ошондо кызынын же баласынын кайын журту гана эсептелеби? Кыргызда билесиздер, тууган-уруктун бала-чакасынын кайын журду да куда-сөөк боло берет эмеспи”, – деди депутат.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиеванын айтымында, куда-сөөк – бул кайсы бир адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн гана кайын журту.
“Мисалы, мен бир жумушка кирсем, ал жакта баламдын кайнатасы иштеп жатса, ал мага куда болот. Анткени мыйзамга ылайык, балам мага жакын тууган. Мыйзам долбоорунда үй-бүлө ичиндеги куда-сөөктөр деген ой берилген”, – деди ал.
Бирок депутат буга макул болбоду. Ал белгилегендей, мыйзамды аткаруучулар тарабынан куда-сөөк түшүнүгү ашкере колдонулуп кетиши ыктымал.
“Силердин оюңар башка, а аткаруучуларга келгенде алардын кабыл алуусу башкача болушу мүмкүн. Мында жазылып турат – үй-бүлө мүчөлөрү же... деп. Жана эмес, же деп турат. Ошол же... деген сөз башкача кабыл алынышы ыктымал”, – деди Ашымбаева.
