Лейлек районунда авиабилет сатам деп жарандарды алдаганга шектелген жаран кармалды
12 март

Лейлек районунда авиабилет сатам деп жарандарды алдаганга шектелген жаран кармалды

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган 25 жаштагы А.Х. Раззаков шаарындагы авиакассада иштеп жүрүп, жарандардын ишенимине кирип, авиабилет алып берем деп акча каражаттарын өзүнүн банктык картасына котортуп алып жүргөн.

Аталган факты боюнча милицияга жалпысынан 13 жаран арыз менен кайрылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү арыздануучуларга болжол менен 1,5 миллион сомго жакын материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факт боюнча Лейлек РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жаран Раззаков шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.