Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирүүгө шектелген жаран кармалды
12 март

Чүй облусунда оор дене жаракаттарын келтирүүгө шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 6-мартында болжол менен саат 01:30да Жайыл РИИБге Алексеевка айылынын тургуну 1985-жылы туулган, Ш.Е., денесиндеги жаракаттары менен жана оор абалда Жайыл райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат келип түштү.

Бул факт Жайыл РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда 2026-жылдын 5-мартында болжол менен саат 22:00дө 1985-жылы туулган, В.В.нын үйүндө өзүнүн жубайы 1990-жылы туулган, В.А., ошондой эле тааныштары 1993-жылы туулган Т.Д., , жана 1985-жылы туулган, Ш.Е. аттуу жарандар, спирт ичимдиктерин биргеликте ичкендиги аныкталды. Бардык катышуучулар мас абалда болушкан.

Спирт ичимдиктерин ичкенден кийин Ш.Е. үйүнө кеткен, калгандары спирт ичимдиктерин ичкенди улантышкан.

Болжол менен саат 23:00дө Ш.Е. В.А.га телефон чалып, сүйлөшүп жаткан учурда телефонду Т.Д. алган. Анын натыйжасында алардын ортосунда уруш чыгып, алар бири-бирине өмүргө коркунуч туудуруучу сөздөрдү айтышкан.

2026-жылдын 6-март күнү түнү Ш.Е. бычак алып кайра көрсөтүлгөн дарекке келген. Үйдүн короосунда ал Т.Д. менен жолуккан, ал дагы бычак менен турган. Алар бири-бири менен мушташып, экөө тең денесинен жаракат алган.

Андан соң Т.Д., Ш.Е.ге дене жаракатын келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ш.Е. бычак сайылган жаракаттары менен Жайыл райондук ооруканасына тез жардам бригадасы менен жеткирилген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери шектүү 1993-жылы туулган, Т.Д. аттуу жарандын кайда экенин аныкташкан. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл соттук экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн иштери уланууда.