Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа каттамдары убактылуу токтотулду
«Манас» эл аралык аэропортунун администрациясы билдиргендей, 2026-жылдын 1-мартынан тартып Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа багытындагы каттамдар убактылуу токтотулат.
Маалыматка ылайык, каттамдардын токтотулушу учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана авиакомпаниялардын каттам багыттарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу.
Токтотулган рейстердин жүргүнчүлөрүнө кошумча маалымат алуу, ошондой эле билеттерди кайтаруу же учуу күнүн өзгөртүү маселелери боюнча өз авиакомпаниясына же билет сатылып алынган жерге кайрылуу сунушталат.
Ошол эле учурда «Манас» эл аралык аэропорту штаттык режимде ишин улантууда. Учуу графигиндеги мындан аркы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.
