Чектɵɵлɵр жок. 12-мартка карата ашуулардагы абал
Бүгүн, 12-мартка карата өлкө аймагында жолдоордогу абал туруктуу, бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Каттам бар, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык.
Учурда Ош–Сары-Таш–Эркечтам авто жолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашууларында, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка авто жолунун Чапчыма ашуусунда, Бишкек–Ош авто жолунун Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында, Боом капчыгайында, Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда; ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында, Тараз–Талас–Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашуусунда жана Түп–Кеген жолунда каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.
