Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда
www
12 март

Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда

Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда, деп билдирет Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 11-мартына карата республика боюнча 1825 арыз келип түштү. 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, алардын ичинен эң көбү 341 долбоор  айыл чарба багытында болду. Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл улантылууда.

Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык контракт” программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда.

Төрт жыл аралыгында долбоордун алкагында 48 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын 73,3%ы айыл чарба, 13,8%ы өндүрүш, 6,7%ы соода-сатык жана 6,2%ы кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышууда.

Буга чейин социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомду түздү. Социалдык контрактты алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1,0 млн сомдон ашты.

“Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырып жаткандардын 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт, долбоордун алкагында 57 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү.

Быйыл дагы республика  13 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр социалдык контракттын алкагында 150 000 сомдон ала алышат.