Кемсинтип, кыжырып келтирген. Чүйдө күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды
Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды.
Облустук милициядан кабарлашкандай, окуя тууралуу билдирүү 11-мартта болжол менен саат 12:20да түшкөн.
Бул факт катталып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу чыгарылган.
Окуя болгон жерден төмөндөгүлөр аныкталган: 2026-жылдын 11-мартына караган түнү саат 00:00 чамасында жогорудагы даректе 1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран, 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен үйдө болгон. Алар спирт ичимдиктерин бирге ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң күйөөсү У.В.-ны сөз менен кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылган.
У.В. залда эс алып жатканда күйөөсүнүн кемсинтүүлөрү ага катуу кыжырын келтирген. Ал ашканага барып, бычак алып келип, диванда отурган күйөөсүнүн мойнун кескен. Андан соң аны паласка сүйрөп түшүргөн. Күйөөсү П.А. алган жаракаттардан ошол жерде көз жумган.
Окуядан кийин У.В. өз буюмдарын чогултуп, мүмкүн болгон кармоого даярданып, уктап калган. Эртеси күнү ал ойгонуп, денени коридорго сүйрөп таштап, 102 кызматына кабар берген.
Окуя болгон жерден бычак алынып, П.Анын денеси моргго жөнөтүлгөн жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.
1968 жылы туулган У.В. шектүү жаран, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.
