Асеин Исаев Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун - Аялдар түзүмүнүн аймактык директору Белен Санс менен жолугушту
2025-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун - Аялдар түзүмүнүн аймактык директору Белен Санс менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы жана БУУ-Аялдар түзүмүнүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулашты. А.Исаев белгилегендей, Кыргызстанда аялдар ар дайым мамлекеттин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө олуттуу салым кошуп келишкен. Ошондой эле, А.Исаев бүгүнкү күндө кыргыз аялдары өлкөдөгү экономикалык жана саясий реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү кыймылдаткыч күч болгонун белгиледи.
Мындан тышкары, Министрдин биринчи орун басары БУУ-Аялдар түзүмүнүн өлкөдөгү гендердик саясатты ишке ашырууга жана аны мындан ары да, анын ичинде БУУнун туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыгынын Алкактык программасынын күн тартибине ылайык алга жылдырууга кошкон салымын белгиледи. А.Исаев аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекет тарабынан кабыл алынып жаткан мыйзам актылары жөнүндө маалымдады.
Өз кезегинде Б.Санс жолугушууну уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар 2024-жылдын март айында дайындалгандан берки Кыргызстанга биринчи иш сапары болгонун белгиледи. Б.Санс БУУнун туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыгынын Алкактык программасын ишке ашырууда жана гендердик өлчөмдү эл аралык кызматташтык саясатына интеграциялоодо КР Тышкы иштер министрлигинин маанилүү ролун белгиледи. Мындан тышкары, Б.Санс 2025-2027-жылдарга «Аялдарга жана кыздарга карата нөл зомбулук» программасын ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууну макулдашышты.
