
Кыргыз неонатологдор жана неонаталдык медайымдардын ассоциациясынын VI форуму
Бул форум Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, перинаталдык жана неонаталдык технологияларды өркүндөтүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана республикада перинаталдык жана неонаталдык өлүмдөрдү азайтуу максатында эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” Кыргыз Республикасынын Улуттук реформалоо программасынын алкагында өтүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы неонатологдорду жана неонаталдык медайымдардын башын бириктирди.
Форумда Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын алдыңкы эксперттери спикер болушту. Коңшу өлкөлөрдөн келген кесиптештер тажрыйбалары менен бөлүшүп, дарыгерлер менен медайымдарга мастер-класстарды өткөрүштү.