Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Максаты
22 ноябрь

Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Максаты

Кыргызстанда "Кызмат" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, мекеме президенттин демилгеси жана тапшырмасы менен, калкка ыңгайлуу жана тез кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Бул мекеме санариптик технологияларды колдонуу менен документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.

Мындан сырткары:

  • Аймактарда жана шаарларда жаңы тейлөө борборлорунун курулушу башталат;
  • Мурдагы тейлөө жайларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт;
  • Калк үчүн ыкчам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтардын спектри кеңейтилет.