Бекешев: 16га чыга элек балдардын тачка түрткөнү зыян эмес дагы, шайлоо алдында штабдарда иштегени зыянбы?
13 январь

Бекешев: 16га чыга элек балдардын тачка түрткөнү зыян эмес дагы, шайлоо алдында штабдарда иштегени зыянбы?

Депутат Дастан Бекешев “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелөөдө.

Мыйзам долбоору бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында каралды.

Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда тараптардын кайчы пикирин пайда кылган жагдайларды жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Мында эки негизги өзгөртүү сунушталууда:

1. Учурдагы мыйзамда 18 жашка чыга элек балдарга үгүт иштерине катышууга тыюу салынган. Ал эми мыйзам долбоорунда 18 жашка чейинки балдарга үгүт иштерине катышууга тыюу салуу калтырылды, бирок ага кошумча – 16 жаштан 18 жашка чейинки жарандарга ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн кагаз жүзүндөгү уруксаты менен штабдарда, үгүт жасоого тиешеси жок иштерди аркалоого мүмкүнчүлүк берилет.

2. Талапкер үгүт иштеринде өзүнүн ар кайсы курактагы: бала кезиндеги, өспүрүм убагындагы сүрөт-видеолорун колдоно алат жана мында жоопкерчилик каралбайт.

Бекешев 16дан 18 жашка чейинки балдарга штабдарда иштөөгө уруксат берүү демилгесин мындайча түшүндүрдү:

“16 жашка чыга элек балдар тачка түртсө болот, а эмнеге штабдарда иштегенге болбойт? Чынында, Эмгек кодексинде мындай тыюу салуу жок. Тескерисинче, балдар штабдарда иштеп, шайлоо алдындагы иштерге аралашса, тажрыйба топтошот, каныгышат. Эмнеге бул ишти биз өспүрүмдөргө зыяндуу иш деп ойлойбуз? Алар оор, кара жумуштарда иштесе зыян эмес, ал эми үгүттөө зыян?”.

Ал эми депутаттын айтымында, талапкердин бала кездеги сүрөттөрүн үгүт иштерине колдонуу айрым учурда БШК кызматкерлеринин эки анжы пикирин жаратат.

“Мындай нерсе менде болгон. Үгүт иштеринде ата-энем менен кичинекей кезимде түшкөн сүрөттү колдонсом, БШК кызматкерлери ар кандай пикирин айтышкан. Колдонууга болот же болбойт деген мыйзамда так жазылбагандыктан, талаш-тартыш жаралат. БШК бүгүн макул болуп, эртең макул болбой коюшу мүмкүн. Эки юрист отурса, экөөнүн бул боюнча пикири кайчы чыгышы мүмкүн”, – деди.

Депутат бул кичинекей өзгөртүүлөр мыйзамга тактык киргизерин белгилеп, комитеттештерин колдоп берүүгө чакырды.