Израил Ирандагы башталгыч мектепке кол салды: 51 кыз набыт кетти
Ирандын түштүгүндөгү Минаб шаарында жайгашкан «Шаджаре Тайебе» аттуу кыздар башталгыч мектебине жасалган акыркы кол салуунун кесепетинен каза болгон окуучулардын саны 51ге жетти, дагы 48и жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып Mehr агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, чабуул ишемби күнү эртең менен жасалган. Жабырлануучулардын саны өсүп жатканы белгиленип, дагы 60тай окуучу ар кандай деңгээлде жабыркаганы айтылууда.
Иран аймагына соккулар АКШ жана Израиль тарабынан жасалганы кабарланууда. Тель-Авив бул операцияларды «алдын алуучу чабуул» деп атаган. Маалыматтарга караганда, буталар катары мамлекеттик объектилер жана өлкө жетекчилиги көрсөтүлгөн.
АКШ президенти Дональд Трамп билдиргендей, соккулар Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына багытталган. Ал ошондой эле Иран жарандарын өлкө жетекчилигине каршы чыгууга чакырды.
CNN телеканалы израилдик булактарга таянып билдиргендей, соккулардын буталарынын катарында жогорку лидер Али Хаменеи, президент Масуд Пезешкиан, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Абдолрахим Мусави, Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани жана Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани аталган.
