Алиев кыймылсыз мүлктүн баасы тууралуу: Азыр катардагы жаран өмүр бою иштесе дагы өз үйүнө жете албагыдай абал жаралды
5 февраль

Алиев кыймылсыз мүлктүн баасы тууралуу: Азыр катардагы жаран өмүр бою иштесе дагы өз үйүнө жете албагыдай абал жаралды

Депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктөрдүн баасы Стамбулдан, ал турмак Испаниядан кымбаттап кеткенин билдирди. 

Ал жөнөкөй жаранга дүйнөлүк рынокко бааны орноткон көрүнбөгөн колдун бардыгы, бир гана бизде эмес, дүйнө жүзү боюнча кымбатчылык болуп жатканын баамдала бербейт деп эсептейт. Жөнөкөй жаран бүгүнкү турмуштун түз чагылышынан эле жыйынтык чыгарат. 

“Мен түшүнөм, курулуш жаатында баанын өсүшүнө объективдүү жана субъективдүү сеьептер бар. Бирок жөнөкөй жарандарга жашаш кыйын болуп калды. Соцтармактарда азыр бир жакшы сөз чыгып жатат: жашоо бар, жашаш керек. Бирок баары кымбаттап жатканда кантип жашаш керек? 20 жыл мурда биз студент кезде Россиянын ар кайсы аймактарында иштеген туугандарыбыз бар эле. Алар жарым жыл иштеп келишип эле 104, 105-сериядагы үйлөрдү алып коюшчу. Азыр өмүр бою иштешсе да Бишкектен үй ала алышпайт. Катардагы жаран, мейли мамлекеттик кызматта иштейби, орточо айлык менен жашай берет, бирок өмүр бою өз үйүнө жете албайт”, – деди ал. 

Айтымында, Бишкекте 104- жана 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы 100 миң долларга жетти. 

“Мындай баалар Стамбулда, Испанияда да жок. Москвага теңелип калдык. Алып-сатуу рыногун көзөмөлдөөгө болбойт экен, жок дегенде ижарага берүү жаатын көзөмөлдөсө болобу? Бишкекте окуган байкуш студенттер... Жок дегенде ижарага күчүңөр жетеби же тиги жок органсыңарбы?” – деп депутат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылды. 

Бирок бул суроого МинКаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жооп берди. 

Ал рынокто белгисиз кол дайыма болоорун жана мамлекеттин мындагы милдети балансты сактоо экенин айтты. Ошону менен бирге Мамлекеттик ипотекалык компаниясына басым жасап, анын бардык ресурсу жана күчү рынокту бир топ туруктуу сактоого багытталып жатканын билдирди. 

“Сиз экөөбүз студент кезде Бишкекте 1 миллион калк жашачу, азыр 2,5 миллион адам жашайт. Жашоочулардын көбөйгөнү инфраструктурага ашыкча жүк үйдү. Жер тилкесинин чарчы метри эки эсеге кымбаттады”, – деди ал. 

Алиев кеп МИК эмес, такыр башка маселе тууралуу болуп жатканын эске салды. Бишкекте учурда бир бөлмө батирди ижарага алуу айына 40, 50 миң сомго айланып жатканын, ал ижарага акысын арзандатууга мүмкүнчүлүк бары-жогун гана сураганын билдирди. 

“Мен жөнөкөй жарандын суроосун бердим. Менин бизнесим жок, андыктан мен катардагы жарандарды кыйнаган маселелерди гана көтөрөм. Батирлердин ижара акысын турукташтырууга болобу деп Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сурадым же сиз анын ордуна жооп бергиңиз келип жатабы?” – деди депутат.

Амангельдиев бул боюнча депутатка кагаз түрүндө жооп берүүнү убадалады.