Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, кезектеги «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
«Мамлекеттик дарыканалардын ачылышы — биздин өлкөнүн ар бир жашоочусу үчүн сапаттуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жасалган кадам. Биз дары-дармектер жеткиликтүү гана эмес, сапаттын бардык стандарттарына жооп бере турган дарыкана тармагын түзүүгө умтулабыз. Бүгүнкү күндө республика боюнча 100-мамлекеттик дарыкана ачылды жана биз жылды бүткүл республика боюнча 100 дарыкана ачуу менен жыйынтыктоо максатыбызга жеттик», - деди Бейшеналиев.
Маалымат үчүн: «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.
Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. «Эл Аман» мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20% төмөн.
Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер «Эл Аман» дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылат.
