Садыр Жапаров Фарид Ниязовго ырайым кылды
Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчынын аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовго ырайым берди. Маалыматты президенттин администрациясынан тастыкташты.
Фарид Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири катары белгилүү. Ал 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуяларынан кийин кармалып, камакка алынган. 2020-жылдын октябрындагы саясий окуялар маалында Ниязов кыска мөөнөткө эркиндикке чыккан, бирок көп өтпөй кайрадан камакка алынган.
2025-жылдын июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Кой-Таш окуяларына байланыштуу бир катар беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жыл 8 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Кой-Таш окуялары боюнча иш сотто бир нече жыл каралып, ага 2019-жылдын август айында Атамбаевдин резиденциясында болгон каршылык көрсөтүү окуялары гана эмес, башка айыптоолор да кирген. Жалпысынан бул иш боюнча 20га жакын адам айыпталуучу катары өткөн.
Эске салсак, 2019-жылдын 7–8-август күндөрү Чүй облусунун Кой-Таш айылында мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясынын жүрүшүндө анын тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда масштабдуу кагылышуулар болгон. Натыйжада 130дан ашуун адам жабыркап, атайын багыттагы күч түзүмүнүн бир кызматкери каза болгон.
Фарид Ниязовдун эмне себептен жана кандай негизде мунапыс алганы тууралуу расмий маалымат азырынча тактала элек.
