2025-жылы Кыргызстанда 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон
2025-жылы Кыргызстанда 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ведомствонун жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында билдирди.
Мамбетовдун маалыматына таянсак, материалдык чыгым 60 миллион 252 миң сомду түздү.
"2024-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери кыйла азайды", – деди ал.
Министрдин биринчи орун басары 2025-жылы өлкөдө жалпы 4 429 кырсык катталганын билдирди. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 16 пайызга көп.
"Кырсыктарда 313 адамдын өмүрү кыйылган, материалдык чыгым 2 млрд 30 млн сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн", - - деди Мамбетов.
