Кожокулова Бишкектеги “сталинкаларды” сүрдүрүп таштап, ордуна 9 кабаттуу үйлөрдү курууга каршы чыкты
Бишкектин Башкы планында шаардын борбордук бөлүгүнө орто кабаттуу турак жайлар куруларын жана орточо кабат болуп 9 кабатка чейин эсептелинерин Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Гуля Кожокулова жаңы турак жайлар курулса, шаардын тарыхый архитектуралык курулушу – “сталин” үйлөрү эмне болооруна кызыкты. Ал борбор калаанын тарыхый-архитектуралык көрүнүшүн сактап калуунун маанилүүлүгүн айтты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, бүгүнкү күндө “сталин” үйлөрү өз жашоосун жашап бүттү жана дээрлик авариялык акыбалда турат.
“Сиз эмне башкы архитекторсузбу? Жашап бүткөнүн же бүтпөгөнүн сиз кайдан билесиз?” – деди анда депутат.
Орунтаев үйлөрдүн акыбалы техникалык нормалар боюнча бааланарын айтты. Ал белгилегендей, бул үйлөрдүн колдонуу мөөнөтү 50 жылга ылайыкташкан, а бүгүнкү күндө 100 жыл болду.
“Сиз “сталинканы” “хрущевкага” чаташтырып жатасыз”, – деди Кожокулова.
МинКаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев мамлекет тарыхый маданий борборду сактап калууну каалай турганын белгиледи. Бирок имараттардын техникалык абалын дагы эске албай коюуга болбой турганын кошумчалады.
“Коомчулук дагы тарыхый-архитектуралык курулушка байланышкан маселени көтөрүп жатышат. Кеп борбор калаанын көрүнүшү тууралуу болууда. Бардык мамлекеттин өзүнүн эски жана жаңы шаары болот. Эмнеге ушул принцип бизде колдонулбайт? Курулуш министри бизде тарыхый-архитектуралык курулуштар боюнча чоң адиспи? Эмнеге чыныгы адистердин пикири эске алынбай жатат?” – деди Гуля Кожокулова.
МинКаб төрагасынын орун басары адистердин пикири сөзсүз эске алынаарына ынандырды.
