Өзгөндө 1,94 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен
www
27 апрель

Өзгөндө 1,94 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өзгөн районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, кызыкдар жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген. 

Азыркы учурда бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо багытында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.