Бишкек: шаарда жылуулук берүү түтүктөрү дээрлик 70%дан ашык бөлүгү эскилиги жетип
11 февраль

Бишкек: шаарда жылуулук берүү түтүктөрү дээрлик 70%дан ашык бөлүгү эскилиги жетип

Бүгүн, 11-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети “2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматты укту. 

Бул багытта депутаттарга Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев маалымат берди. Анын маалыматында, шаарда жылуулук берүү түтүктөрү дээрлик 70%дан ашык бөлүгү эскилиги жетип, учурда 200 км магистралды жаңылоо муктаждыгы бар. Азыркы күндө Бишкек ЖЭБге караштуу 474 км түтүк, 19 насостук станция бар. Ишкана калаадагы 5025  имаратты жылытуу максатында жылуулук энергиясы менен камсыз кылат. 

Талкуу учурунда депутат Алишер Козуев жылуулук менен камсыздоону жакшыртууга кошумча каржылоонун зарылдыгын, Бишкек жылуулук борборунун учурдагы абалын сурады. Бишкек шаарынын вице-мэри буга 2019-жылга салыштырмалуу курулуш материалдарына болгон баанын көтөрүлүүсү себеп болгонун белгиледи. Муну менен катар Талайбек Байгазиев Бишкектеги жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун каржылоого бөлүнгөн 6,9 млн доллар каражаттын 2,5 млн доллары үнөмдөлгөнүн кошумчалады.

Депутат Замирбек Мамасадыков жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук тармагына кошууда ЖЭБдин кубаттулуугу, тарифтердин жогорулоосу багытындагы маселелерди көтөрдү. Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо иштетилген каражаттардын максаттуулугун көзөмөлгө алуучу органды тактап, мэриянын сапаттуу курулуш жүргүзүү боюнча көз карашын сурады. Ошондой эле депутат алынган кредиттердин кайтарымдуулугу, аны ким төлөйт деген маселерди белгиледи.