Ош ОИИБ: “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын натыйжасында 137 500 сом айып салынды
2026-жылдын 6-мартынан тартып 31-мартына чейин Ош облусунун аймагында «Арсенал» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында курал алып жүрүүгө жана сактоого уруксаты бар жарандардын ок атуучу куралдары текшерүүгө алынып, мыйзамсыз сакталган курладарды аныктоо, каттоодо турган куралы бар жарандардын жүрүм-турумуна жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына да көңүл бурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө каттоодо турган 2559 ок атуучу курал текшерүүгө алынып, тиешелүү документтери жок15 даана курал алынды. Ошондой эле куралды каттоо эрежесин бузган 52 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 133-134-135-беренелерине ылайык 137 500 сом айып салынды.
Ош ОИИБи мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертет.
