Ошто кылмыштуу топ аныкталды: ооган гашиши жана 1 млн сом алынды
13 январь

Ошто кылмыштуу топ аныкталды: ооган гашиши жана 1 млн сом алынды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттө жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын аймагында мурда соттолгон 1980-ж.т. К.А.А., жана 1986-ж.т. А.Р.Х., 1982-ж.т., Я.Х.В. 1963-ж.т. А.М.А. атуу жарандар гашиш баңгизатын сатып жаткан учурда кармалышкан.

Кармалган жарандардын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, ага ИИМдин БМЖКККнын Кинологиялык борборунун кызматтык издөө ити колдонулган учурда үйүндө катылган афган тектүү гашиш баңгизаты – атайын мөөр менен тастыкталган, уруксат берүүчү документтери жок “RETDY” аталыштагы сайсыз ок атуучу курал жана акча каражаттары: 1 019 400 сом, 150 АКШ доллары табылып алынган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

КР Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалган 1980-ж.т. К.А.А., 1986-ж.т. А.Р.Х., 1982-ж.т. Я.Х.В., 1963-ж.т. А.М.А. атуу жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторуна киргизилди.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.