Азат Алманбетов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Азат Алманбетов Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Салык кызматынан кабарлашкандай, 18-мартта жаңы орун басар ведомствонун жамаатына тааныштырылды.
А. Алманбетов буга чейин Салык кызматынын борбордук аппаратында фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
