Жанына блогер ээрчитип алсын, – депутат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кантип иштөөнү “үйрөттү”
5 февраль

Жанына блогер ээрчитип алсын, – депутат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кантип иштөөнү “үйрөттү”

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө кымбатчылык курч маселеге айлана баштаганын билдирди.

Ал Монополицияга каршы жөнгө салуу кызматы эл аралап иштеши керек деп эсептейт.

“Мэрлер, акимдер эл кыдырып жүрүшпөйбү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы дагы ошентип иштеши керек. Жанына журналист же блогер ээрчитип алсын...  Ошондо, сатуучулар азык-түлүктөрдү ашыкча кымбаттатуудан карманышат”, – деди депутат.