Автоунааларды легализациялоо. Амангельдиев: Үлгүрбөй калгандар үчүн программаны кайра кайталоо мүмкүн эмес
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында автоунааларды легализациялоо боюнча дагы бир кампанияны жүргүзүүнү сунуштады.
Ал буга чейинки кампанияда өлкө бюджетине 1 миллиард 800 миллион сом түшкөнүн жана жарандардын кайсы бир бөлүгү легализациядан өтүүгө үлгүрбөй калганын белгиледи.
Айтымында, ал үлгүрбөй калгандардын тизмесин түзүп, Экономика жана коммерция министрлигине жиберген, бирок министрлик дароо баш тарткан.
“Тизмени текшеришкен да жок, дароо баш тартышты. Эмнеге дагы бир жолу легализация боюнча кампания өткөрүүгө болбойт?” – деди депутат.
“Министрлер Кабинетинин позициясы бул маселе боюнча калыптанып калган, ошондуктан программаны кайра кайталоо мүмкүн эмес. Биз автоунааларды легализациялоого жетиштүү убакыт бердик. Мамлекеттик каттоо кызматында өзүнчө терезелерди ачканбыз. Бирок жарандар бул кампанияга жоопкерчиликсиз менен мамиле жасашып, өз убагында машиналарын легализициялай алышкан жок”, – деп жооп берди Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев.
Айтымында, программа кайрадан кайталанса, бул Кыргызстандын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн суроосун жаратат. Анткени, алар автоунааларды жалпы бюджетке төлөм төлөбөй, аткезчилик жол менен өлкөсүнө киргизип жатышат деп ойлоп калуулары мүмкүн.
