Айына газдын акысына 1-2 миң сом кошуп төлөшсүн, – депутат жеке секторго газ жеткирүүнүн ыңгайлуу жолун сунуштады
5 февраль

Айына газдын акысына 1-2 миң сом кошуп төлөшсүн, – депутат жеке секторго газ жеткирүүнүн ыңгайлуу жолун сунуштады

Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин газификациялоону кредиттин негизинде ишке ашыруу аракетин сындады. 

Ал Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 3-майында кабыл алган №1147-6 токтомунда “жеке турак жай ээлерине үйүн газ түтүктөрүнө кошуу үчүн керектелчү жабдыктарды сатып алууга жеңилдетилген пайызсыз насыялар берилсин” деп турганын, ал эми МинКаб “Айылбанк” жана “Элдик банк” аркылуу бул максатка 3 пайыз менен кредит берип жатканын билдирди. 

“Биз пайызсыз насыя деп бекиткенбиз. Элде азыр ансыз да кредит көп, кредит алып газ киргизе алышпайт. Пайызсыз насыя берип, аны 1-2 жылга бөлүп койгула. Ай сайын газ үчүн акы төлөгөндө, үстүнө 1-2 миң сомдон кошуп койсоңор, билинбей төлөнүп калат. Газпром газды жеткирип берүүдө, бирок үйгө киргизгенге үй ээлери өздөрү төлөшү керек. Бул болбоду дегенде 200 миң сомду талап кылат. Элде анчалык акча жок. А силер кредит алып, кошуп алгыла деп сунуштар турасыздар, кайдагы кредит? Ансыз да ар бир жарандын моюнунда 2-3төн кредит бар”, – деди депутат. 

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев депутаттын сунушун карап чыгууну убадалады.