Казакстандан ташылып келаткан 8,5 тонна коон Кыргызстанга киргизилген жок
Казакстандан ташылып келаткан 8,5 тонна коон Кыргызстанга киргизилбей, артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди.
Чалдыбар фитосанитардык көзөмөлдөө постундагы жүктү текшерүүнүн жүрүшүндө, кабыл алуучу менен жөнөтүүчү тууралуу маалыматтардын бири-бирине дал келбегендиги аныкталды.
Бул ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын фитосанитардык талаптарынын бузулушу болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилбей, белгиленген тартипте Казакстанга кайра кайтарылды.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
