Бишкекте Абсамат Масалиев көчөсү 10-15 күнгө убактылуу жабылат
www
24 июнь

Бишкекте Абсамат Масалиев көчөсү 10-15 күнгө убактылуу жабылат

Бишкек шаарында жөө өтмөк куруу иштерине байланыштуу Абсамат Масалиев көчөсү этап-этабы менен 10–15 күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде жөө өтмөк салуу боюнча курулуш-монтаж иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелип, унаалар үчүн көчө этап-этабы менен жабылат.

Мэрия шаар тургундарынан жана айдоочулардан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.