Марлен Маматалиев менен Тажикстандын элчиси парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүнү талкуулашты
Жогорку Кеңеш
27 апрель

Марлен Маматалиев менен Тажикстандын элчиси парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүнү талкуулашты

Төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакалар талкууланып, тараптар парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү боюнча да ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан эзелтен коңшу жашаган эки элдин байланышын бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп:

«Айрыкча чек аралардын такталышы кызматташтыгыбызды жаңы деңгээлге көтөрүп, алакаларды арттырууга чоң өбөлгө түзүүдө. Эми достукка жана өз ара ишенимге негизделген мамилени улантып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды жигердүү өнүктүрүүбүз кажет. Мында парламенттик дипломатиянын да ролу чоң. Эки өлкөнүн эл өкүлдөрү жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөтүүбүз зарыл», – деди.

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүү керектигине токтолгон төрага КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Парламенттер аралык кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу сунушун айткан Марлен Маматалиев аталган документ өз ара байланышты өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин жүйө келтирди.

Ошондой эле жакында Стамбул шаарында Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушканын эске салган Марлен Маматалиев эми Жогорку Кеңештин эки депутаты Тажикстанга барып, Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумга катышарын маалымдады.

Өз кезегинде Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошону менен катар эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аралар такталып, байланыштардын жаңы барагы ачылганын белгилеген элчи да эми парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен эки тараптуу иш сапарларды байма-бай уюштуруу жаатындагы сунуштарын ортого салышты.