Бишкектеги батирлердин ижара баасын арзандатуу ыкмасы: мамлекет үй куруп, жарандарга берет
Бишкектеги батирлердин ижара баасы коңшу өлкөлөрдөн алда канча ашып кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Ал Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевге кайрылып, ижарага баасын чекке салуу мүмкүнчүлүгүн сурады.
Амангельдиевдин айтымында, мамлекет бул жаатта иш алып барууда жана андагы багыт – жарандарга мамлекеттин батирлерин ижарага берүүнү камсыз кылуу.
“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдында ислам принциптери менен үй куруп, ижарага берүү боюнча программа бар. Анда жаранга батир кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берилет. Ошол келишимди ратификация кылганда Жогорку Кеңештин комитеттеринде чоң талкуу болгон, ислам принциптери кандай иштейт деген суроонун тегерегинде. Учурда Ислам фонду менен 200 миллиондун алкагында каражат алуу үчүн сүйлөштүк. Бирок фонд дагы 400 миллион кошуп берүүгө макул. Бул акчаны алганга даярбыз, анткени ал өзүн актайт”, – деди Амангельдиев.
