Жамийла Анакеева: Ден соолугу чың балдарды кантип өстүрүү керек
Кантип ден соолугу чың балдарды өстүрө алабыз? Бул суроого Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын директордун дарылоо иштери боюнча орун басары Жамийла Анакеева «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
«Баланын ден соолугу көп фактордон, ошол эле үй-бүлөнү туура пландоодон көз каранды. Биринчи кезекте, эне балдарын 3 жыл аралыгы менен төрөш керек. Эки жылда эне баласын эмизет, а кийинки бир жыл өзүнүн ден соолугун калыбына келтирүү үчүн керек. Жаш үй-бүлөлөр балалуу болууна пландаганда, биринчи эле өздөрүнүн ден соолугун текшертип, өнөкөт оорулары болсо дарыланышы керек. Көп аялдарда аз кандуулук бар, аны дарылабай туруп кош бойлуу болсо, оор көтөрөт жана бала алсыз төрөлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, аял өзүнө көңүл бурушу керек», – деген Анакеева балалуу болууну пландаган жубайлар бул жаатта үй-бүлөлүк дарыгеринен кеңеш алышы керектигин белгиледи.
Ошондой эле, дарыгер эне сүтү баланын жашоосунда өтө чоң роль ойноорун айтты.
«Баланын ден соолугу көп фактордон көз каранды дебедикпи, анын дагы бири – тамак-аш. Андан сырткары, туура камкордук көрүү жана витаминдер менен убагында камсыздап туруу. Айрыкча, баланын биринчи эки жылында тамак-аштын мааниси чоң. Бул учурда баланын ички органдары калыптанып, өсүп баштайт. Биз, педиатрлар, дайыма бала 2 жашка чейин эмчек эмиши керек деп айтабыз. Анткени, баланын ашказаны жетиштүү калыптана элек убакта эненин сүтү ылайыктуу жана анда белок, углевод, витаминдер, микроэлементтер идеалдуу айкалышкан. Ошондой эле энедеги антителолор эне сүтү менен балага берилет.
Эмне себептен айрым аялдар баланы эмизүүдөн баш тартышат же бала эмчек эмүүдөн баш тартат? Көбүнчө төрөттөн кийин стресс алган аялдарга сүт дароо келе бербейт, кээ бири баланы көкүрөгүнө туура жаткырып эмизе албайт, аны кыйынчылык катары көрөт дагы ымыркайлар үчүн атайын аралашмага өтүп кетишет. Ал эми бала үчүн эмчек эмүү көп күчтү талап кылат, ал эми бөтөлкөдөн ичүү оңой, биз балдарды эч нерсе билбейт деп ойлойбуз, бирок алар айырмасын дароо билишет. Ошондуктан бир-эки жолу бөтөлкөнү көрүп калган бала эмчек эмүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн», – деди педиатр.
